Орусияда коронавирустан сутка ичинде 500гө чукул адам каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 18 миң 359 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 485 адам каза болсо, 20 миң 40 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 2284 (айыккандар 5502);

Санкт-Петербург - 2160 (айыккандар 1437);

Москва облусу - 1082 (айыккандар 1011);

Нижегород облусу- 464 (айыккандар 494) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 3 миллион 850 миң 439 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 73 миң 182 адам каза болсо, 3 миллион 300 миң 4 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-01-31 20:05:56
Кудай сактасын Орусия бул илдеттин даарысын тапты деп атышат эле го. Чын эле тапкан болсо эмнеге туруштук бере албай атышат. Дагы бирөөлөргө жардам беребиз деп атышат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан