Сүлүктү шаарындагы шахтада газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду

Сүлүктү шаарындагы шахтада газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 23-июнь күнү ЖЧК “Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жана 1 аял киши газга ууланып каза болушту.

Алар 73, 37, 19 жана 34 жашта болгон.

Окуя болгон жерге ӨКМнын №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kulundu.89
2020-06-24 10:57:05
Ии жаман болуптур. Шахтада иштегендерге рахмат бир жумадай шахтада иштеп жүрөгүп түшүп калган
+2
Jumabek.aitgul
2020-06-24 11:31:35
Жаман болуптур бир үй бүлө каза болуптур жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабыр берсин
+1
Usow
2020-06-24 11:53:09
Инна лиллахи ва инна илайхи ражиьун
+3
Tymar
2020-06-24 12:49:51
Жараткан Тенирим кырсыктан сактасын. Баардыгы Тенирдин колунда
-3
taalay25
2020-06-24 17:08:58
Tymar,каерге болсо кыпчыла каласынар да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан