Чүй облусуна караштуу Садовое айылынын Иса Үкүев атындагы мектеби 1990-жылдан бери бүтпөй келе жатканын окурман SUPER.KG порталына билдирип, мектептин видеосун жиберди. Айтымында, мектеп 1997-жылы толук бүтпөсө да колдонууга берилип калган жана анын кесепетинен мектепте жылуулук жок, окуучулар үшүп окушат.
"1997-жылы ошол кездеги бийлик мектепти бүттү кылып, окуучуларды киргизип салышкан. Мектепте жылуулук жок, болсо да жакшы иштебейт, кышында имараттын ичи өтө суук болот. Балдар үшүп ар кандай ооруга чалдыгып жатышат. Мектептин 3-кабаты толук бүткөн эмес. Бул мектепте мен да окугам, ошондуктан ал жактагы абалды эң жакшы билем. Ортодо балдар эле кыйналып жатат. Мындан улам бизге жардам берип, суук түшкөнгө чейин мектептин абалын карап, бүтүрүп коюңуздар деп бийлик өкүлдөрүнөн суранып, сиздерге кайрылып жатам", - дейт жаран.