Лукашенко Москвада өткөн Жеңиш парадында согушка катышкан ардагер менен сүйлөшүп жатып көзүнө жаш алды

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Москвада өткөн Жеңиш парадында согушка катышкан ардагер менен сүйлөшүп жатып көзүнө жаш алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, парадга катышууга келген президенттер Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлер менен чогуу бир катарда отурушкан. Беларусь өлкөсүнүн президенти согушка катышкан ардагер менен сүйлөшүп жатып, көзүнүн жашын аарчыган. Лукашенко бул парадга Николай, Виктор жана Дмитрий аттуу уулдары менен келген.

Парадга мындан тышкары Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Сербия, Босния жана Герцеговина жана Молдова өлкөлөрүнүн башчылары да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан