Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун "Мурас" чыгармасын орусиялык ырчы кавер аткарып чыкты. Чечен өлкөсүнүн Эмгек сиңирген артисти Алиса Супронова бул эмгегин интернеттеги баракчасына жүктөгөн.
Анда ырчы айым "Мурас" чыгармасын Анвар Бектенов аттуу угарманы аркылуу билгенин айткан. Ал чыгарманын алдына Мирбек Атабековго мыкты чыгарма үчүн ыраазычылыгын билдирген кыска текст жазып калтырган.
Мирбек Атабековдун "Мурас" чыгармасы "Жылдын мыкты клиби-2018" номинациясынын жеңүүчүсү болгон.