13-сентябрда Бишкектеги А.Осмонов атындагы улуттук китепканада залкар комузчу Ыбрай Тумановдун 125 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык фестивалы өтөт. Ага Талас облусунан 4 комузчу катышат. Алардын бири залкар талант Шекербек Шеркуловдун небереси Намазбек Шеркулов. Дагы бир комузчу Жолчубек Абдиев буларды айтты: “Мындай республикалык фестивалга катышуу биз үчүн чоң сыймык. Учурда кызуу даярданып жаткан чагыбыз”.