Режиссёр Руслан Акундун "Салам,
Нью-Йорк!" көркөм тасмасы “Seoul International
Drama Awards” кино фестивалында атайын байгеге татыды. Бул тууралуу
Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,
фестиваль 5-сентябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында болуп өткөн.
Тасманын режиссёру Руслан Акун менен байланышканыбызда, фестивалга жалпысынан ар кайсы мамлекеттен 257 тасма катышканын билдирди.
"Ушунча өлкөнүн ичинен атайын байгеге биз татыганыбыз үчүн аябай кубанычтабыз",- деди ал.
“Seoul International Drama Awards” 2006-жылдан бери өткөрүлөт жана анда тасмалардын продюсерлери, тартуучу топтун мүчөлөрү жана актёрлорго сыйлык тапшырылып келет. Быйылкы фестивалга 48 өлкөдөн 257 конкурсанттардын арызы келип түшүп, тизме 39 талапкерге чейин кылдаттык менен кыскартылган.