Өлкөдө коронавирус илдетинен дагы 1 адам каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифинг учурунда билдирди.
Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан 49 жаштагы аял каза болду.
Муну менен өлкөгө коронавирус келгенден бери 43 адам көз жумду.