Жиу-житсу боюнча Азия чемпиону Төрөкан Багынбай уулу Ош шаардык ооруканасына кычкылтек концентраторун жана респираторлорду тапшырды

Жиу-житсу боюнча Азия чемпиону Төрөкан Багынбай уулу пневмониядан жабыркаган бейтаптар үчүн жардам көрсөттү. Ал үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн атынан Ош шаардык ооруканасына 2 даана кычкылтек концентраторун жана 200 даана респиратор тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Спортчуну, анын апасын жана бир тууган агасын шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, ыраазычылык билдирди.

Спортчунун апасы кыйын кырдаалда мүмкүнчүлүккө жараша көмөк көрсөтүү ар бир жарандын милдети экенин билдирди.

Концентраторлор Ош шаардык ооруканасына өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.

Төрөхан Багынбай уулу 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия чемпиондугунда жиу-житсу боюнча алтын медаль тагынган. Ал бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kelechek1
2020-07-15 08:36:31
Аллах ыраазы болсун.
+2
urmat94
2020-07-15 09:21:36
Алла ыраазы болсун
+2
Krai
2020-07-15 11:04:58
Аллахым ыраазы болсун! Кана чиренген байлар бергиле колуңардан келишинче жардамынарды аябай. Кыйын кырдаалда биригели
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан