Коңшу Өзбекстандын Жизак облусунун Фариш районунда 23 жаштагы кран айдап иштеген жигит өзү айдаган крандын жебесине асынып алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Ага ылайык, окуя 22-июнда таңкы саат 06:00 чамасында болгон. Анын денесин кароо учурунда күч колдонулган белгилер болгон эмес. Кесиптештеринин айтымында, маркум жигит курулуш аянтында башкы кранчы болуп иштеп келген. Ал 21-июнь күнү саат 16:30га чейин кадимкидей эле иштеп жүргөнүн көрүшкөн. Алардын айтымында, маркум жумушунда эч ким менен кайым айтышкан эмес. Анын спирт ичимдигин ичкенин, тамеки чеккенин жана кандайдыр бир көйгөйлөрүн айтканын да угушкан эмес.
Бул иш боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.