Сербиянын президенти Александр Вучич 24-июнда Москвада өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Жеңиш парадында сербиялык аскерлер параддан өтүп жаткан учурда колу менен ишарат кылган. Бул ишараты мекенине болгон чексиз сүйүүсү экенин президент социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Сербиялык аскерлер параддан өтүп жаткан учурда кылган ишаратым менен Сербиянын желегин, армиясын жана мекенимди чексиз сүйөрүмдү көрсөткүм келди. Кызыл аянтта сербиялык аскерлер өтүп жаткан учур мага өзгөчө сезим тартуулады", - деп жазган президент.
24-июнда Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад болуп өттү. Парадга Орусиянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын, Молдованын, Сербиянын жана Өзбекстандын президенттери катышты.