Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
Анда депутат Акылбек Жапаров чындык үчүн күрөшөм дегендер өздөрүнүн атын атап күрөшө берсе боло турганын айтты. "Азыркы учурда Алмазбек Атамбаевдин жаман жагы көбүрөөк айтылып калды. Жакшы бир жерин айтып коёюн, "жёлтая прессаны" ооздуктай албай койгондо, ал киши ислам дининде ушак айтуу бир тууганынын этин жегенге барабар дегенден кийин ооздукталган. Бир сөздү ким айтканын, ким таратканын билбесек, ошону ушак дейбиз. Жаран өзүнүн атын атап туруп, каалаган жерине жазсын, каалаган оюн айтсын, мында анын конституциялык укугу корголот. Аны менен күрөшүп, сотко берсек болот. Ушакчынын аты-жөнүн билбесек кантип күрөшөбүз? Чындык үчүн күрөшөм дегендер өздөрүнүн атын атап күрөшө берсе болот. Фейктердин бирөөнү жамандаганы туура эмес", - дейт депутат.