Александр Лукашенко Курманбек Бакиевге резиденциясынын жанынан жер бөлүп берди

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Минск шаарындагы өзүнүн резиденциясынын жанынан мурдагы президент Курманбек Бакиевге 70 сотых болгон эки жер тилкесин бөлүп берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Беларусь өлкөсүнүн кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча бирдиктүү реестринин маалыматы боюнча, жер тилкеси март айында берилген. Бул жер тилкесинин 45 сотыхы чарба жүргүзүүгө жана калган 25 сотыхы турак жай курууга деп бөлүнгөн. Жер тилкелери Минск облустук аткаруу комитетинин чечиминин негизинде "Кызматтык пайдалануу үчүн" деген штамп менен берилген. Ал Беларусь президентинин чечимине ылайык, 2019-жылдын декабрь айында кабыл алынган.

Курманбек Бакиев Кыргыз өлкөсүн 5 жыл, тагыраагы 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылы элдик толкундоодон кийин ал аталган өлкөгө үй-бүлөсү менен чогуу качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
marat_1910
2020-06-25 13:54:51
базар жок
+11
Kylychisa
2020-06-25 14:09:42
Эн эле грамотный президент Бакиев болгон биздин тарыхта буджет эми эле осуп экономика Жакшы долго тушкондо ВОР АША убактылуу окмот айдап ошолор келгенден бери экономика алга журбойт
+16
Mamiev
2020-06-25 14:24:35
Kylychisa,Туура айтасың. Бакиевдин үй булосун аялын эске албаганда эң жакшы иштеген. Президенттик сур болгон коңшу өлкөнүн президенттери серьёзно кабыл алышкан. Азыркы Атамбаев менен Жээнбековду эч ким тоготпойт. Лента кесип даярын ачып жүрө берет. Кечегинде парадта уят эле болду президент. Марш тээп өткөн жигиттер азамат
+21
aza84
2020-06-25 14:22:16
Жакында Сокеге дагы жер болот окшойт
-2
Bekish-
2020-06-25 14:25:04
Бакиев татыктуу президент болчу
+15
bond02
2020-06-25 14:42:19
Бакиев достойный президент болчу, кыргыз эли озунун тамырына озу балта чапты ошол кездеги убактылуу окмоттун тилине кирип. Бакиев гектарлаган жер алып жатат а Атамбаев бир сотыхка жетпеген турмонун болмосундо жатат. Эми озунор салыштырып коргуло.
+9
talaa11
2020-06-25 14:57:59
Кыргыздар эки жолу каттуу адашканбыз биринчиси И.Разаковду кетирип экинчисинде Бакиевти кетирип. Негизи биз Кыргыздар мыкты патриот чыгаан уулдарды коро албастык кылып буттан тартып жыгытып отуруп ушул кунго келдикго. Озу бизге чала болот,бул дагы аздык кылат дагыда уктап жата береличи анан эмне болуп ойгонот экенбиз ошондо коробуз жыналач калганыбызды, дагыда болсо бизди али алдыда коптогон коптогон тарткылыктар кутуп турат. Айланайын элим ойгонгулачы азыраак уктайлычы оз тагдырыбыз озубуздун
+8
Agayu
2020-06-25 15:07:43
Бакиевди Кремль кетирди , АКШ нын базасын продлит кылды эле Путинди укпай , .А биздикилерге табылбай турат андайлар .Эптеп Кызматка келиш болгон ал убакта. Бакиев мыкты болчу , громматный
+10
Ka2sr1
2020-06-25 15:20:14
Соке дагы жоголсун.
+1
Adil18
2020-06-25 15:22:00
Курманбек Салиевич Бакиев мыкты президент болчу.
Эн сонун жанылык.
+5
Saitov79
2020-06-25 16:01:36
Жакшы президент болчу кууп жибергенде аябай ичим ачышкан. Бийлик деп эле кырылмай болдук жок жерден бей куноо канча адам олду апрелде
+5
Kairat1996
2020-06-25 16:25:44
Элди тируулой атып, ак уйго снайперлерин жалдап, бир туугандарын бийлике топтоп, элди азапка салган бакиевти эч атып сатылыш керек эле. Тилеке каршы Сооронбайга окшогон желмогуз Атамбаевтин колдоосу менен бийлике келип алып, канкор баиевтен ашып тушту. Мыедайларды актамты бийлике жолотпош керек эле.
-8
-BOSS-
2020-06-25 16:40:35
Kairat1996, Атамбайыпың келгенде жашообуз аябай оңолуп кеткендей сүйлөсүң да, бир эле мисал, Бакиев маалында свет 70 тыйынга 50 тыйын кошулган болчу, 1 сом 20 тыйын болгон. Атаңбайып келип кайра 70 тыйын кылам деп алдап азыр 2.50 тыйын унчукпай төлөп атабыз!
+2
Aimani
2020-06-25 17:08:12
-BOSS-,ошо 1.20тыйынды биринчи квттан баштап төлөп калганбыз. Азыр 700квт тан баштап. Мисалы меники эч качан 700го жетпейт. Свет менен тамак, Аристон, стиралка баарын иштетебиз. Беш киши жашайбыз. Кышында Обогреатель сайсак жетиши мүмкүн. Азыр ашып кетсе 200-250с чыгат. Бакиев убагында 500с болмок. Тем более ал кезде зп ашып кетсе 2000 - 5000 болгон. Азыр меники 25000-30000.
-1
MederBek-Esenbai
2020-06-25 16:38:31
Ар Бир президент озун адамдарарын койот . Болуп келген боло берет . Шопур Охраниктер деле иштедиго жакын адамдары Шаршенивичтин убагында
+4
jigit.paren
2020-06-25 20:15:52
Эгерде Бакиев бир туугандарын балдарын алып бийликке алып келбегенде Кыргызстанды бир топ алдыга суйромок Курманбек Бакиевдин убалына Жаныш менен Максим жетти
+4
Zhiidegul_Abdinazarova
2020-06-26 14:03:58
jigit.paren, менин билишимче Максим Бакиев жакшы эле жумуштарды жасаган экен. Альфа телекомду мамлекеттерштирүүгө салымын кошкон экен. Андан башка да толтура жакшы пландары болгон экен. Чын эле колунан келип турса, өз ишин мыкты билген болсо, эмнеге жогорку кызматта иштегенге болбосун?
0
Milduri
2020-06-25 22:54:12
Абдан жакшы, эээң жакшы!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан