Бишкекте мас абалында унаа башкарып, патрулдук милициянын талаптарына баш ийбеген айдоочу кармалды. Маалыматты милициянын кайгуул кызматынын басма сөз өкүлү кабарлады.
25-июнга караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында Фрунзе-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен мас абалда унаа башкарып бараткан айдоочу аныкталган.
"Кайгуул кызматкерлери унааны текшерүү үчүн токтоткон. Бирок айдоочу кызматкерлердин талабына баш ийбей, изин жашырып кетүүгө аракеттенген. Айдоочу коомдук тартипти бузуп, Чүй кең көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинен жеңил унааны сүзүп, андан ары качып жөнөгөн. Патрулдук милициянын кызматкерлери Салиева-Будённый көчөлөрүнөн кесилишинен унаанын дөңгөлөгүнө бир нече жолу ок атып токтотушкан.
Кармалган жаран 1987-жылы туулган Ө.Ж. экендиги белгилүү болду. Айдоочунун айтуусу боюнча, ал жугуштуу оорулар ооруканасында дарыгер болуп эмгектенет. Текшерүү учурунда ал мас абалында экени аныкталып, Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.