Кечээ, 24-июнда коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн Москвага барган. Анын аталган шаардагы Ислам Каримов атындагы гүл бакчага барган учурунда көчөнүн боюнда Өзбек жарандары тосуп алган видеосу социалдык тармактарга тарады. Шавкат Мирзийоев да бул тосуп алууну көңүл буруусу жок калтырбай, алардын жанына келип кол булгалап учурашкан.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын көпчүлүгү өзбек президентинин бул кадамын мактоого алышууда.
Парадга катышуу үчүн барган президент Сооронбай Жээнбековдун жанындагы адамдардан коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин президент тилекке каршы парадга катыша алган жок.