Мексикада күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, 10 адам каза болду (фото)

Мексикадагы жер титирөөдөн 10 адам каза болуп, 2 миңден ашуун үйлөр жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Мексиканын Оахака штатынын Оахака-де-Хуарес шаарында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын кесепетинен 10 адам каза болуп, 23 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты. Андан сырткары 2 миңден ашуун турак үйлөр жабыркаган. Табигый кырсыктан 2 миллион 700 миң адам электр жарыгысыз калгандыгы айтылат маалыматта.

Оахака штатынын губернатору 50 муниципалдык аймакка өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Белгилей кетсек, Мексикадагы күчтүү жер титирөө 23-июнда катталган. Ошондой эле жердин силкинүүсү кайталанууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-06-25 18:55:53
Жараткан Аллах ар кандай кырсыктан сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан