Социалдык тармактын колдонуучулары Чүй облусундагы Ысык-Ата аймактык ооруканасы обсервация болорун жазып чыгышты. Бейтапканада башка илдеттен дарыланып жаткандарды чыгарып жатыптыр деген билдирүү тараган.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, оорукана обсервация үчүн жабылганын тастыкташты.
"Аталган аймактык оорукана обсервация катары июнь айынын башынан бери эле колдонулуп келет. Анда коронавирус инфекциясы тастыкталган бейтаптар жатышат. Негизи Чүй облусуна караштуу көп ооруканалар мурда эле обсервация жайы үчүн дайындалган", - деди министрликтин басма сөз катчысы.