Бүгүн, 31-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов онлайн маалымат жыйын берди. Анда өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын саны 107ге жеткенин маалымдады министрликтин өкүлү.
COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 5 миң 771 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал).
Анын ичинде:
1-категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) – 1 миң 561;
2-категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар) – 4 миң 210.
"Санитардык посттордо иштеп жаткан укук коргоочулардын арасында вирус жуктуруп алгандар бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күнгө карата андай учур каттала элек", - деди министрликтин өкүлү.
Учурда обсервацияга 1 миң 592 адам жайгаштырылды. Жалпысынан 5 миң 638 адам жайгаштырылган, үйдөн байкоого 3 миң 870 адам чыгарылды.
Акыркы 2 күн ичинде (30-мартка карата катталган 10 жаран, 31-мартка карата катталган 13 жаран) коронавируска чалдыккан 23 жарандын ичинен төртөө чет өлкөдөн келген. Калгандары жуктуруп алышкан.
Коронавирус менен жабыркап жаткандардын арасында 3 бейтаптын абалы орто деп бааланууда. Алар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ноокат райондук ооруканасында жаткан эки жарандын абалы орточо оор, Оштогу ооруканада жаткан бир жаран жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулду.
31-мартка карата вирус жуктурган 13 жаран:
Бишкек шаары – 1;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 2;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 1.
Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган бейтап бар. Коронавирус аныкталган бейтаптардын 58и аял, 49у эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам бар.
Өлкө боюнча 31-мартка карата 13 адамдан коронавирус аныкталды. Ооругандардын саны жалпы 107 киши.