Чет мамлекеттен өлкөгө кайткан Кыргыз жарандарынын саны өсүүдө. Бирок аларды дарыгерлер текшеришкен жок

Чет мамлекеттен өлкөгө кайткан Кыргыз жарандарынын саны өсүүдө. Бүгүн эле Орусиянын Оренбург жана Соль-Илецк шаарынан, ошондой эле Бузулук районунан 43 автобус менен 2 миң 456 Кыргыз жараны мекенине кайтып келишти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиргендей, азыркы учурда сырттан кайтып келген жарандарды дарыгерлер текшеришпейт. "Чет мамлекеттен кайтып келгендер дароо эле үйүнө барышат. Бул боюнча алгоритм мурда эле өзгөргөн", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өкмөт тарабынан түзүлгөн алгоритмге ылайык, чет өлкөдөн кайтып келген жарандар коронавируска тест тапшырышып, бир канча күнгө обсервацияга жаткырылчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан