Коронавирус инфекциясы Бишкек шаарында дагы көбөйүп кетсе, анда борбор калаа 15-20 күнгө жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев онлайн брифинг учурунда айтты.
"Урматтуу кыргызстандыктар, социалдык тармактарда вирус жок, бул аркынын оюну, бул беркинин оюну деп атып Бишкек шаарында коронавирус жайылып кетти. Эгерде бул ооруну жеңе албай, жайыла бере турган болсо, анда биз борбордук штабга Бишкекти 15-20 күнгө жапканга сунуш беришибиз мүмкүн. Бул биздин укугубуз", - деди мэриянын аппарат башчысы.