Депутат премьерге: "Командаңыз баары кетти. Сиздин өкмөт башчы болуп иштегенге моралдык укугуңуз барбы?"

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын кызматтан кетишине эмне себеп болгонун сурады.

Премьер-министр Мухаммедкалай Абылгазиев Алтынай Өмүрбекова өз каалоосу менен кызматтан кеткенин айтты.

Жээнчороев: "95 пайыз өкмөттүн курамы алмашкандан кийин сиздин премьер-министр болуп иштегенге моралдык укугуңуз барбы? Бул уят нерсе. Командаңыздын баары кетти. Моюнуңузга жоопкерчилик алып өзүңүз да отставкага кетиңиз же командаңызды бекем кармап, карантин бүткөндөн кийин чечим чыгарсаңар болмок", - дейт.

Премьер-министр моралдык укугу бар экенин айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан