"Ливерпуль" футболдук клубу 30 жылдан кийин биринчи жолу мөөнөтүнөн мурда футбол боюнча Англия чемпиону болду. Англия Премьер-Лигасынын (АПЛ) 31-турунун алкагында "Ливерпулдун" башкы атаандашы "Манчестер Сити" клубу лондондук "Челси" клубуна каршы ойноп, 2:1 эсебинде жеңилип калды. Бул оюн "Ливерпуль" командасына чемпиондукту алып келди.
"Бул укмуштуудай сезим. Тилекке каршы, биз бул оюнду командадагы футболчулар менен чогуу мейманканадан көрдүк. Азыркы кырдаал адамдар үчүн кыйын экендигин билебиз. Бирок биз өзүбүздү токтото алган жокпуз. Биз мындай учурда күйөрмандарыбыз менен чогуу ырахат алабыз", - деген клубдун башкы машыктыруучусу Юрген Клопп.
"Ливерпуль" футболдук клубу акыркы жолу АПЛди 1990-жылы жеңип алган.