Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү сунуш кылышты. Маалыматты шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болотбек Тезекбаев тастыктады.
"Жакында эле Транспорт жана жолдор министрлигинде жыйналыш болуп өткөн. Ага маршруттук ассоциациялардын өкүлдөрү жана башчылары дагы катышкан. Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлиги, республикалык штабдан дагы өкүлдөр келген. Жыйналышта ассоциация жетекчилери маршруттук таксилерде жүрүүнүн акысын көтөрүү тууралуу сунушун киргизишти. Алар жол кирени 20 сомго чейин жогорулатып берүүнү суранышкан. Жыйынтыгында мэриянын алдындагы штаб менен эпидемиологиялык комиссияга бул ишти карап чыгуу тапшырмасы берилди", - дейт Болотбек Тезекбаев.
Жол кирени жогорулатуу боюнча экинчи тараптын дагы оюн уктук. "Транс групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун инженери Эсен Бейшеналиев айдоочулардын мындай демилгесин колдорун билдирди. Анын айтымында, инженер катары транспортко канча чыгым сарпталарын жакшы билет.
"Азыркы маршруттук унаалардын тетиктеринин 99 пайызы чет жактан келет. Демек техника кымбат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу тетиктер мурдагыдай келбей калды. Экинчиден, Европа өлкөлөрүндө жол киренин баасы күйүүчү майдын баасына жараша, ошонун тегерегинде коюлат. Мисалы күйүүчү майдын баасы 30 сом болсо, 25 сомдун тегерегинде болот. Ал эми бизде такыр эле төмөн болуп жатпайбы. Мына ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспортту токтотуп туруу боюнча чечим кабыл алынды. Мындай жагдайда жарандарга гана оорчулук жаралат. Зарыл иштери менен шаарга чыгыш керек болгондор эмне кылат? Андан көрө жол кирени 20 сомго көтөрүп койсо, жүргүнчүлөр аз болсо дагы маршруттук таксилер жүрө бермек. Өз кезегинде эл аз акчага керектүү дарегине жетип алмак. Санитардык талаптар дагы аткарылмак. Баары бир жай мезгилинде жүргүнчүлөр 70 пайызга азаят. Киши аз болот, демек, айдоочулардын эмгек акысы акталбай калат. Бул көйгөй көп жылдардан бери көтөрүлүп келгени менен оң жыйынтык бере элек. Көбү маршруттук таксилердин айдоочуларын жүргүнчүлөрдү көп салат деп айыпташат. Мындай ойлонуп көргөндө айдоочулар таң атпай, эл чыга электе каттамга чыгат, кайра түн ичинде үйүнө келет. Алардын жумушу болгондон кийин иштен пайда түшүшү керек да. Мамлекет акча бербесе, жөн гана киши ташып коюп жүрө бербейт да. Ар биринин артында үй-бүлөсү бар. Андыктан бүгүнкү күндө жол кирени жогорулатуу боюнча көтөрүлүп жаткан маселе абдан туура деп ойлойм", - деди Эсен Бейшеналиев.