"Коронавируска ишенбей, ооруп калганда мекениме жетип өлсөм экен деп тиледим". Орусиядагы мекендешибиз илдетке кабылганын, кантип дарыланганын айтып берди

Учурда Орусияда миллионго чукул кыргыз мигранттары бар, алардын канчасы бул илдет менен ооруп, канчасы өмүрү менен коштошкону белгисиз. Коронавирус жугузуп алып, өмүрү менен күрөшүп, "башында эле эрежелерди сактасам болмок" деп бармак тиштеп отургандар да жок эмес.

SUPER.KG порталы коронавирустан айыккан мекендешибиз менен маектешти. Өзүн Зарыл деп тааныштырган 58 жаштагы айым бир ай ооруканада вирус менен алышкан оор күндөрүн айтып берди. Ал Орусияга салыштырмалуу Кыргыз өлкөсүндө медицина тармагындагы абалдын начарлыгына, шарттын жоктугуна кабатыр болуп, эл үчүн күйүп, коомго вирус бар экендигин жеткирип коюуну туура көргөнүн билдирди.

"Мен кесибим боюнча медайыммын. Орусияда жүргөнүмө көп жыл болду, бул жакта дарыканада иштейм. Негизи башында вируска ишенген деле эмесмин, бир күнү өзүмдү жаман сезе баштадым. Алгач эле сөөктөрүм ооруп, кан басымым көтөрүлдү. Дарыгерге барсам, бутум ооручу эле ошого дары жазып берди. Кийинки күнү дене табым 39 градустан ылдый түшпөй койду. Сасык тумоо болуп калдым го деп парацетамол, аспирин иче баштадым. Бирок дене табым такыр түшпөй, дарыгер чакырсам келген жок. Анын эртеси дарыгер келип, азыр коронавирус жайылып жатат, сеники жеңил экен, үйдөн дары иче бер деп кетип калды. Андан кийин жөтөлүп, бүткөн боюм калтырап, жыт сезбей калганда дагы дарыгер чакырсам келбей койду. Эки күндөн кийин кадимкидей чыдабай, дем ала албай калдым. Анан өзүм такси менен барсам рентгенге тартты, эки өпкөм тең пневмония болуптур. Бул жакта деле дарыгерлер жакшы карабайт экен, ошентип өзүм барып, мен дагы медикмин деп кыйкырып атып рентгенге түштүм. Кайра үйгө жиберишти "бара бер, биз азыр барабыз" деп. Эки сааттан кийин келди, мен ага чейин дем ала албай өтө кыйналдым, анан кайра "Тез жардам" чакырсам, азыр орун жок бир сутканын ичинде алып кетебиз дешти. Ошентип азап менен мени алып кетишти. Жалпысынан мени үч ооруканага алып барды, орун жок үчүнчүсү араң кабыл алды. Чынында ооругандар көп экен, бейтаптар коридорго дагы толуп калыптыр. Мени керебетке жаткырып дароо ийне сайышты. Эртеси өзүм дем ала албай кислородго киргизишти. Калганын чала-була билем, ойгонсом эле онтогон адамдар. Андан кийинки күнү бир аял келип, бир суткага жетпей каза болуп калды, аны кара баштыкка салып алып кетишти. Мен аябай коркуп, күнү-түнү келме келтирип, "мекениме жетсем, өз туулган жеримен эле өлсөм экен" деп тилеп жаттым. Оюмда өлүп калат окшойм деп корктум", - дейт ал.

Дал ушул ооруканадан Зарыл эже далай ыйлаган кыргыздарды көргөн. "Каза болгондор да болду, күтүү залында ыйлаган кыргыз мигранттарынын үнү кулагыма дагы деле жаңырып турат" деп сөзүн улантты.

“Москвада ооруган кыргыздар көп болду, көбүнчө жарандыгы жоктор, документи туура эместер аябай кыйналды. Өздөрүн өздөрү эле дарылап жатышты. Менин таанышымдын жээни каза болгон экен, керек болсо сөөгүн бербей, убара болбогула деп коюптур. Алып кеткендер да болду. Карантинде иши жок, нанга жетпеген кыргыздар дагы көп болду, ооруп каза болгондор мындан көп, талаада калгандарын силер деле көрүп аттыңар. Баса, таң калычтуусу, азыр көбү коронавирус жугат, жукпайт деп талашып атышпайбы, мен мисалы оорудум, бирок мени менен иштегендер, чогуу жашагандар ооруган жок. Анализ да тапшырып көрүштү. Көрсө эрежени так сактап, иммунитетти көтөрүү керек экен", - деп окуясын айтып берди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы бир күндүн ичинде коронавирус дагы 183 миңден ашык адамдан аныкталганын билдирди. Бул пандемия маалындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Ушул тапта Орусияда 592 миң адам бул илдетке чалдыгып, 8 миң 200 адам каза тапты.

Расмий маалыматтарга таянсак, Орусияда 750 миңдей Кыргыз жараны бар. Бирок иш жүзүндө алардын саны андан көп. Алардын канчасында коронавирус аныкталып, канчасы көз жумганы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kuttubekuzgen
2020-06-26 18:34:47
Диванный критиктер билип билбей вирус жок бул жалган деп журуп коп адамдын олумуно себеп болдунар, акыретте Аллахтын алдында силерди чон сурак кутуп турат, себеби озунорду умный сезиб билип билбей коптогон коменттерди жаздынар дагы да жазып жатасынар.
+11
aydinnur
2020-06-26 19:13:58
Кудай эле сактасын бизди,андан башка таянчу эч ким жок калды,бийлигине деле,врачтарга деле..
+10
Kuban-1207
2020-06-26 19:29:58
Бийлике ишенбегиле
-4
Krai
2020-06-27 03:05:00
Kuban-1207,бээ десе төө дейсиң да
Бул жерде оору менен бийликтин эч кандай тиешеси жок го. Эки сөздү эптей албасаң комент жазбай эле койчу
+2
aydinnur
2020-06-27 10:22:40
Kuban-1207,эненд ковидиот
-1
Rusi79
2020-06-27 01:33:36
Эжеке сизге ден соолук каалайм,ооба айтканыныз туура мен да оорудум окшойт ар турлуу белгилер болду,олумдон коркпой эле талаада олгондон коркот экенсин.тынчылык эле болтуну.
+4
mateus
2020-06-27 12:17:57
Вирус жок деп айткандар силерди кудай жазаласын, айрыкча Мадумаровго окшогон бузуку саясатчылар элдин убалына калды. Ушуларга ишенип азыр Кыргызстанда ооругандар аябай кобойду.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан