Крымда коронавируска шектелген айым ооруканадан качып кетти

Крымдын Севастополь шаарында коронавируска шектелип ооруканага жаткырылган айым качып кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Екатерина Р. аттуу айым коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген күмөн менен инфекциялык ооруканага жаткырылган. Ооруканада текшерүү иштери толук бүтө электе ал эч кимге айтпай ооруканадан качып кеткен. Кетер алдында ал Орусиянын Ростов облусуна баруу пландары бар экендигин айткан. Учурда коронавируска шек жараткан айымга издөө жарыяланды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bratanyn
2020-03-01 21:01:52
Мээси айныган баарына жугузат эми.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан