Бир сутка ичинде 57 медицина кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашат.
Бишкекте - 26;
Ош шаары – 1;
Баткен облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 1;
Ош облусу – 2;
Чүй облусу – 21;
Талас облусу - 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жана пневмония диагнозу медицина тармагынын 7 миң 399 кызматкерине коюлду. Анын ичинен 6 миң 980и айыкты.