УКМКнын тергөө изоляторунда отурган экс-депутат Каныбек Осмоналиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG жактоочу Шарабидин Токтосуновго байланышканда белгилүү болду.
"Ооба, анын дене табы көтөрүлүп, кыйналып жаткан. Улам "Тез жардам" кызматын чакырып жатышты. Жыйынтыгында үй камагына чыгарылды", - деди ал.
Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алган. 23-июнь күнү УКМКнын маалымат кызматы экс-депутаттын абалына байланыштуу "Тез жардам" чакыртылганын маалымдаган болчу.
"Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле Осмоналиев COVID-19га карата ПЦР-анализ тапшырды", - дешкен УКМКдан.
Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен 2-мартта өткөн митингди уюштурган деп айыпталууда. Ага Кыргыз өлкөсүнүн Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Сот 29-апрелде экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 3-июлга чейин узарткан.