"Бейтаптарды көчөдө 1 жарым саат күттүрүү болбосун". Боронов коронавирус менен ооругандарды дарылоого орундарды көбөйтүүнү тапшырды

Бишкекте менчик лабораторияларды, "Тез жардам" кызматтарын жана ооруканаларды мобилизациялоону тездетүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттөн кабарлашты.

Анда өкмөт башчы бир күндө коронавирус инфекциясын жугузган 309 учур аныкталганын, кайрылуулар көп болгондуктан, "Тез жардам" кызматтарынын иши көбөйүп, чакырылган жерлерге кечигип барып жатышканына токтолгон.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги тез арада мамлекеттин карамагындагы "Тез жардам" унааларын жана тиешелүү адистерди тартууга тийиш. Ошондой эле мүмкүн болсо эпидемиологиялык абал жакшы райондордун "Тез жардам" кызматтарын тартуу керек. Бул ишке менчик "Тез жардам" кызматтарынын тартылышы да маанилүү. Кызмат алып келген бейтаптарды ооруканалар кабыл албай койгон же көчөдө 1 жарым саат күттүргөн фактылар болбосун. Оорулууну жаткыруу чечимин кабыл алган "Тез жардам" кызматынын дарыгери убакытты текке кетирбестен, аны кайда алып барарын билиши шарт. Ошол эле учурда ооруканалар COVID-19га текшерилгендиги тууралуу маалымкатты талап кылбоого тийиш», - деди өкмөт башчы.

Ал "Тез жардам" кызматы жана ооруканалар өз ара толук аракеттешүүсү керектигин, бул кызматтын унааларын оңдоп, кыска убакыттын ичинде ишке чыгарууну тапшырды. Штабдын жыйынында шаардык "Тез жардам" кызматына Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 9 унаа берилери белгиленген. Кубатбек Боронов саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго ооруканаларда кошумча орундарды даярдоо жана бошотууну, бул ишке менчик клиникаларды тартууну тапшырды.

«Ооругандардын саны көп болуп жатканына байланыштуу саламаттыкты сактоо системине кыйын болуп тургандыктан, бардык ресурстарды бириктирип, медициналык жардамга муктаж ар бир жаранга көмөк көрсөтүү керек. Бүгүнкү күндө медициналык мекемелерде ооругандарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү, бирок биз эртеңки күнгө кам көрүүгө тийишпиз. Ошондуктан үзгүлтүксүз кеңейтип жана жаңы орундарды даярдоо керек. Буга менчик ооруканаларды тарткыла. Менчик лабораториялар болушунча тезинен вируска тест алууну баштоолору зарыл», - деди премьер-министр.

Тармактык мамлекеттик органдарга борбор калаадагы эпидемиологиялык абалды туруктуу кармоо боюнча бардык чараларды күчөтүү, жеке коргонуучу каражаттардын, тест системдердин запасынын болушун дайыма көзөмөлдөп туруу тапшырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
arlekino
2020-06-28 12:50:29
Скорый келип, бирок эч жака алып барбастыгын айтып, кайра кетип калып жатышат. Поликлиникана кайрыл короновируска анализ бер анан чыкса алып барат экен. Анысы 2мин сом частный лабор. Ренгенге да тушуш керек экен. Аа айта кетчи нерсе поликлиникага 1 кун мурда жазылып очередке туруш керек экен. Мен буйруса эртен ооруйм мени жазып коюнуз деп.
Короновирус чыкпаса башка оорун мн 39-40 градус мн эл аралап журо бер экен. Айтоор олсон озундун шорун деген вариант экен да.
+4
Missing-u
2020-06-28 13:06:45
Бир больницадан коронавирус чыктыбы карантин деп жаппай дезинфекция кылып коюп ишин уланта берсинда. Ооруган адамды которосунар барибир инфекционныйга. Карантин деп башка ооругандар кутуп калып жатат каяктагы орун анан. Мына бизди да жаап салды карантинге ооругандар каяка барат. Система вообще тушунуксуз,пневмония белгиси болсо рентген дейт а рентген анализи жок тартпайт башкага жукпасын деп а рентген жок больницага албагыла дейсинер. Тушунбойсун адам
+3
JaneEr
2020-06-28 13:35:47
Выживание болуп атат.Кинодогудай.Любой эле ооруну албайт больница азыр.Олгонун олуп калганын кал деген заман.Тобоо.
+2
Nursul
2020-06-28 15:54:49
Каронавирустан болгондорду болница кабыл алышат а башка бир жерин ооруп барсаң кабыл албай жатышат муну ким көзөмөлгө алат
+1
Kuba-savai87
2020-06-29 07:18:21
2ай карантинде тез буто турган оорукана салбай беленер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан