Бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 534 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Штабдын маалыматына ылайык, стационарда 1 823 жана амбулатордук түрдө 2 894 адам дарыланып жатат.
Республика боюнча жалпы 164 миң 344 бейтап оорудан сакайды.