Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте иш алып барууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Кадамжай районунун аймагында милиция кызматкерлери айыл аймактарда түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүнү колго алышкан. "Халмион", "Торговый" базарларына азык-түлүккө келген жарандарга бет кап тагууну жана өздүк гигиенанын эрежелерин туура сактоону талап кылышууда.
Ошондой эле айылдарда ыктыярдуу элдик кошуундар, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү менен ар бир айылдын кире беришине автоунаалар үчүн дезинфекциялык постторду курушуп, жарандарды сабырдуулукка чакырып, көзөмөлдү күчөтүшкөн. Милициянын көчмө кабылдамасы ар бир айылга барып, элдин үйдө болуусун эскертүүдө", - деп жазылат маалыматта.