Аялды жерге жаткыра тепкен окуя: Сотко чейинки өндүрүш иши башталды

Социалдык тармактарга жер тилке талаштан улам чыккан чырда эркектин аялды жерге жаткыра тепкендеги видеосу тарап, талкууга алынган болчу. Бул боюнча бүгүн, 28-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришти. Окуя Аламүдүн районунун Адилет жаңы конушунда болгон.

"Ушул жылдын 26-июнь күнү милиция кызматына Адилет жаңы конушунда коңшулар арасында чыр болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Чакырылган жерге Бишкек шаардык патрулдук милициясы барып, саат 16:00 чамасында 30-35 жаштардагы эки киши 28 жаштагы Б.А. менен анын 47 жаштагы апасы Б.А.нын денесине залал келтиришкенин аныкташкан. Андан кийин алар милиция кызматкерлери барганга чейин белгисиз жакка кетип калышкан", - деп жазылат маалыматта.

Окуя боюнча жабыркаган аял жана анын баласы Аламүдүн РИИБине чала тааныш адамдардын бул кылганы үчүн жоопко тартууну өтүнүп арыз жазышкан.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене ("майда бейбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бейбаштыкка шектелген 48 жана 38 жаштагы 2 киши кармалып, милиция бөлүмүнө алып келинип, сурак беришти. Алдын ала белгилүү жагдайлар боюнча, тараптар ортосунда жер тилкесин талашуудан улам чыр чыккан. Учурда кылмыштын чоо-жайы толугу менен иликтенип жатат. Тиешелүү болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды, алардын жыйынтыгына жараша жогоруда суралган адамдарды кармоо маселеси чечилет", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.

ЭСКЕРТҮҮ: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Апасындай аялды түртүп, жыгылта тепти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Baku88
2020-06-28 13:49:06
Энени тепкен бутун экиге болунуп жатып калсан экен акмак
+20
Dani
2020-06-28 13:52:02
Иликтебей эле видиодо корунуп туратко,жазасын алышсын экоо тен,бирок тааныш билиш болуп уй камагына же тушундуруу иштери болуп жазасын албаса керек,эх кыргыздар
+16
Nagim
2020-06-28 14:09:11
Копкон экен бочкалар. Желин чыгарып коюш биздин милициялардын колунан келеер бекен.
+10
nurbek11
2020-06-28 14:10:43
Майда берене демек уй камагы, андан кийин аялдын бети ал акмактын бутуна тийип кетиптир, аял кечирим сурады иш бутту болот экен да эх кыргызым кыргызым.
+8
001KG
2020-06-28 15:17:06
Майда бейбаштык, дегенине караганда үй камакка чыгарып туруп, ошодон ары даси даси кылатта бул б.к курсак мелийсалар.
Жанагы регионго бөлгөн бир провокатор ч.чкак жүргөн эле көрүнбөйтко)).
Анан жанагы жалдагы үрөй учурган мушташтагы, сизодогу балдар эмне болду админ? Кабар алгылачы. Негизи кыргыздын кеебирки тормоз эркектери жаткан адамды тееп урганга үйрөнүп алышыптыр ёлыйлар!((
+8
Eden-Hazard
2020-06-28 15:28:18
Базар жок теептир✊ таза нокаут
-25
-BOSS-
2020-06-28 15:32:17
Eden-Hazard, сенин апаңы дагы бирөө тепкенде көрөт элем таза нокаутуңду!
+13
fora
2020-06-28 15:34:37
Eden-Hazard,Ошол аял сенин бир тууганын же апапн болсо ушунтип жазат белен?базар жок деп
+8
Dani
2020-06-28 15:49:22
Eden-Hazard,сага да кудайым бардыр,не деп дооруп жатасын
+6
taalay25
2020-06-28 16:26:39
Eden-Hazard,сага окшогон манкурт да алдагы
+7
001KG
2020-06-28 15:51:13
Тиги тепки жеген аял, эки текебер менен алышып жүргөн жылаңач баатыр жигиттин апасыбы ошондо?
+4
bakyt9
2020-06-29 09:42:48
001KG, ооба жылаңач баатыр экөө эне бала. Эне бала кылган ишин көрсөң сен деле тепкиң келет. Аял кишини тепкени туура эмес, сенин жериңди башка бирөөгө сатып ийсе билбейм эмне кылат элең.
0
aerforce
2020-06-28 17:24:12
Чаначтын бутун сындырыш керек лох
+5
Alfiya
2020-06-28 20:06:19
Кудайым жазанарды берсин буттары иштебей калса экен
+5
Leon441
2020-06-28 21:20:54
Чаначтарды толугураак жазып кетсеңер эл билсин баатырларды кандай жумуш аткарышат
+2
bakyt9
2020-06-29 09:38:12
Ооба аялдын тепкени туура эмес! Бирок экинчи жагын да караш керек, бул аял канчаларды какшатып алдап жер сатып жүрөт.
-1
katerina.li
2020-06-29 12:01:32
Аял озу бети менен сузду деп чыгарып коюшат эми
0
iamjuma
2020-06-29 13:38:20
Жабыркаган тараптын да аркасында калын туугандары бардыр. Жоопко тартырат да. Кутулуп кетет деп алдын ала айтпоо зарыл. Элдин ишеничин жоготуп коментари жазуу кобойуп кетти .Каттуу туруу керек. Ар бир адам оз укугун коргоосу зарыл. Тосмо арыз жаза койбостон.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан