12-сентябрда Бишкектеги Улуттук китепканада “Чоюке – залкар манасчы” аттуу китеп көргөзмөсү болот. Китепканадан билдиришкендей, иш-чара манасчынын 150 жылдык мааракесине арналат. Көргөзмөнүн ачылышына жазуучулар, акындар, белгилүү маданият ишмерлери, манасчылар жана студенттер катышмакчы. Манасчы Чоюке Өмүр уулу 1863-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында дүйнөгө келген. Эл оозунда уламага айланган белгилүү манасчы 1925-жылы өз айылында дүйнө салган.