“Дүйнө сулуусу-2013” сынагына катышып жаткан Жибек Нукееваны колдоо иретинде кыргызстандыктар добуш бере алышат. Бул тууралуу анын продюсери Айбек Акматов билдирди. “Дүйнө сулуусу-2013” сынагынын алкагында “Мультимедиа сулуусу” аныкталмакчы. Продюсеринин айтымында, катышкан сулуулардын кимиси социалдык тармактагы расмий баракчасында көп “лайк” деген белги топтосо, ошол сулуу аталган наамды багынтат. Кошумчалай кетсек, Жибек Нукеева "Кыргызстан сулуусу-2013" наамынын жеңүүчүсү.