УКМК: "Атамбаев коронавирус инфекциясынын белгилери аныкталган жактоочу менен байланышта болгон"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан УКМКнын тергөө изолятордук кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жөндөмсүз аткаргандыгы үчүн вирустук инфекция жуккан деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлери кызмат абалдарын туура эмес аткарганына байланыштуу вирустук инфекция жукту делген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн бул кайрылуусу менен аны саясий туткун катары көрсөтүп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, атайылап коомчулуктун көңүлүн саясий өңүткө бурууга аракет кылып жатышат деп эсептейбиз.

Мурда айтып кеткендей, 29-июнда Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыгы боюнча кайрылып, буга байланыштуу андан COVID-19 үчүн ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы боюнча, Атамбаевде коронавирус жок экендиги аныкталган. УКМКнын аскер медициналык кызматынын дарыгерлери тарабынан алдын ала текшерүүдөн өткөндөн кийин билдирүүдө айтылгандай ага эргеферон дарысы эмес, вируска каршы антибиотик берилген. Ошондой эле көкүрөк органдарын томографиядан өткөрүү дайындалган.

Азыркы убакта Алмазбек Атамбаев президенттин жана өкмөттүн Клиникалык ишин башкаруу ооруканасында стационардык дарыланууда. Ал жерде жактоочулар менен дарыгерлер тоскоолдуксуз жолугушууларды өткөзө алышат.

Мындан тышкары акыркы аптада Атамбаев бир нече жолу жактоочулары жана туугандары жана жактоочу Замир Жоошев менен жолугушуп, алардан кагаз жана башка буюмдарды алган. Расмий маалыматтарга караганда, жактоочу Замир Жоошевден коронавирустун айрым белгилери аныкталып, Ысык-Ата аймактык ооруканасында дарыланып жаткан, бирге жашаган апасы менен байланышта болгондугу такталган. Ошол эле учурда УКМК тергөө камак жайы штаттык режимде иштеп жатат. Республикалык штабдын бет кап жана кол капты милдеттүү түрдө алып жүрүүгө, аралыкты сактоого зарыл болгон бардык талаптарды бекем сактоодо. УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлеринин баары коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгында инфекциянын белгилери байкалган жок", - деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев УКМКнын тергөө изоляторунан Атамбаевге оору атайын жуктурулгандыгын жазып чыккан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан