Өлкө боюнча акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 11, пневмониядан 74 бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 63 жашта);
№1 шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 64 жашта);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта);
Улуттук фтизиатрия борборунан – 1 (эркек, 64 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 54, 61 жашта);
Баткен облустук ооруканасынан – 2 (эркек, 49 жашта, аял, 58 жашта);
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 53 жашта, медик);
Тоң аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял, 36 жашта).
Жалпы каза болгондордун саны 160 кишини түздү.
Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 74 бейтап каза болду. Алардын ичинен 57 адам республика боюнча (алардын ичинен 20 адам өткөн 3 айдын ичинде Ысык-Көл облусунда каза тапкан) жана Бишкекте 17 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 571 адам.