Он күн мурун коронавирус илдети аныкталган Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жумушка чыкты

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кайрадан иш ордунда. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда "Мэр жумушуна кайтып келди. Өзүңөрдү жана жакындарыңарды жакшы карагыла!", - деп жазылган.

Маалыматты мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова тастыктап, Азиз Суракматовдун ден соолугу канааттандырарлак экенин билдирди. "Мэр өлкө үчүн оор кырдаалда жумушка чыгуу чечимин кабыл алды", - дейт Алманбетова.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдон коронавирус аныкталганы маалымдалган. Мэрдин абалы жакшы болгондуктан, үйүндө экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2020-07-01 17:08:28
Элдин баарына жуктурбай отурбайбы 14 кун. Бишкекти дубай кылып ирсе дагы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан