Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы, жеке ишкер Базарбай Мусабеков 300 орундуу чайканасын COVID-19 пандемиясынын алдын алуу максатында оорукана катары колдонууга берүүгө даяр. Мындай билдирүүнү ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Урматтуу туугандар, өлкөнү каптаган пандемияга каршы күрөшүү максатында, мамлекетибизде имарат жетишпей жаткан болсо, 300 орундуу "Карагат" чайканасын берүүгө даярмын", - деп жазган өз билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, акыркы 10 күн аралыгында Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, ооруканаларда орун жоктугу айтылууда. Ошол эле учурда өкмөт дарылануу үчүн орундуктар жетиштүү экендигине ишендирип келет.
Коронавирус алгач Кытайда катталган учурда тез арада ооруканалар салынган, бул ыкманы башка мамлекеттер да кайталашты. Мындан тышкары оорукана жетишсиз болгон учурда музейлер, спорт комплекстери обсервация, бейтапкана катары пайдаланылган көрүнүштөр башка өлкөлөрдө кездешүүдө.
Кечээ, 30-июнда мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев "Урматтуу ресторан ээлери, 3 айга рестораныңыздарды COVID-19га госпиталга айлантпайсыңарбы? Сооп болот" деген чакырык жасаган.