Англияда спорттук иш-чаралар июнь айында башталат

Улуу Британиянын өкмөтү өлкөдө спорттук иш-чараларды (анын ичинде Англия Премьер-Лигасы) 1-июндан баштап жандандырууга уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бирок күйөрмандарга стадионго кирүүгө тыюу салынат. Коронавирус инфекциясына каршы вакцина табылгандан кийин көрүүчүлөр стадионго кайтып келе алышат деп болжолдонууда.

Маалыматка ылайык, 13-мартта Англияда коронавирус инфекциясы күчөп жаткандыгына байланыштуу футбол оюндары убактылуу токтогон. Премьер-Лиганын жетекчилери калган 92 оюнду бир нече стадиондо көрүүчүлөрсүз өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышты.

12-майга карата Англияда 224 миң 332 адамдан вирус аныкталды. 32 миң 141 жаран каза болсо, 1 миң 15 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KalenAlmaz
2020-05-12 11:26:19
Статистика распространения короновируса в мире Кыргызстан занимает 99 место.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан