Москвада 2000 кыргыз жашап жаткан чатырлар өрттөндү. "Биз коронавирусту дарылоочу оорукана куруп жатканбыз" дейт мекендешибиз

30-март күнү Москванын четинде коронавирус менен жабыркагандарды дарылоо үчүн курулуп жаткан оорукананын курулушчулары жашаган чатырлар өрттөнүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG сайтына аталган ооруканада электрик болуп иштеген мекендешибиз Нурбек Абдрахманов билдирди.

"Кечээ түнкү саат 23:30да биз жашап жаткан чатырлардын биринен өрт чыкты. Биз ээн талаада иштеп жаткандыктан, аба ырайы аябай суук, шамал болчу. Суукка байланыштуу бир чатырда 1-2ден меш жагабыз. Жалпысынан 70 чатыр бар, ар биринде 24-26 адам жашап келгенбиз. Менимче, мешке отту күчөтүп жагышканда морунан чыккан жалынды шамал айдап, башка чатырларга от жабылып кетти окшойт. Өрттөн эч ким жабыркаган жок, бирок көпчүлүгүнүн документтери, кийим-кечеси күйүп кетти. Өрт өчүрүү кызматы келип, өрттү жарым саатта өчүрүп кетишти. Жалпы 7 чатыр күйдү. Ал эми бизди вагондорго жайгаштырышты. Андан бери кабар алган киши болгон жок.

Бул жерде 42 же 43 гектарлык жерге коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн оорукана курулуп жатат. Курулуштун башталганына эки апта болду, дагы 6 күндө бүтүшүбүз керек деген талап коюшууда. Мен балдар менен ооруканага ток орнотуу жагын карайм. Учурда курулушта 8000ден ашык мигрант иштеп келет, анын 2000 чактысы биздин мекендештер", - дейт Нурбек мырза.

Өрттөнүп кеткен палаткалар
Москвадат кыргыздар жашаган палаткалар өрттөнүп кетти
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Islambek123
2020-03-31 15:27:23
Этият болгула,аман болгула,сак болгула,бир туундар.
+13
ilgizk
2020-03-31 15:30:04
Карап турбай видеого албай палатканы жулуп алып койсо башкасына өтпөй эле
+1
suban78
2020-03-31 15:50:22
Ээ Троицкий райондогу больницада болгон турбайбы. Озунор аман болсонор документ табылар.
+5
assanov97
2020-03-31 16:12:37
Кайгы жокто кайненем тудуго
+2
asanaliev.s
2020-03-31 16:19:55
Озунор аман болсонор болду.Жаман иш болуптур азыркы заманда дакумент алышда кыйын.
+3
bond02
2020-03-31 17:11:28
Мындай палаткага 24-26 адам батпайт го дейм.
+1
abusait
2020-03-31 18:29:47
Орустар унчкпайтко тымпыйышып. Адатта мигранттар куноолуу болсо жар жар айтышып чыгатле.
+11
Aroiz
2020-03-31 20:22:47
abusait,Оо аларга табылбай эле туратда
+5
jumaev0084
2020-04-01 12:41:29
Кыргызстандын бийлиги тийешеси эмне бул жерде адамдар да кызык кандай барат эми бийлик
0
jumaev0084
2020-04-01 12:42:29
Легально иштесенер Путин чатыр бермек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан