Жаның кашаят! Бишкекте эс-учун жоготкон абалда алып келинген бейтапка оорукананын эшигин бир нече мүнөттөн кийин ачты

Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан ооруканага эс-учун жоготкон абалда алып келинген бейтапты бир нече мүнөт бою кабыл албай коюшту. Бул тууралуу видео социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан интернетке жарыяланды.

Видеодон эс-учун жоготкон абалдагы бейтапты эркек киши көтөрүп турганын, ал эми бир аял оорукананын эшигин каккылап "кабыл албайсыңарбы, 10 мүнөттөн бери турабыз?!" деп жатканын көрүп, угууга болот. Бир канча мүнөттөн кийин медициналык жайдын эшигин ачкан дарыгер "биз жетишпей жатабыз" деп жооп берген.

Бишкекте эс-учун жоготкон абалындагы бейтапты бир нече мүнөтко чейин кабыл албай коюшту
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
katerina.li
2020-07-01 16:42:44
Чын эле жетишпей жаткандыр. Акыбал биз ойлогондон жаман окшойт. Корко баштадым
+7
gukush00
2020-07-01 16:52:13
Кимди урушам кимди согом. Эмне кылаарымды билбейм . Чыда Эми чыда Айла Гана жок
+2
aydinnur
2020-07-01 18:33:34
Жетчи дерибизге жеттик окшойт..Арам олгур Мадумаровго окшогондордун айынан болуп жатат,"оору жок,саясат"деп башты айланткандардын айынан с.калар((
+8
kyrgyzka7
2020-07-01 21:10:56
Хотя бир врач туруш керек да эшиктин оозуна!
0
Kyke08
2020-07-04 22:13:59
kyrgyzka7, Врач жок!!!!! Эшиктин алдында отурганга!!!
Медсестралар жок болуп жатканда!
Мед окуу жайлар акча менен бутуруучу чыгарып жатканы окундурот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан