Кытай акыркы 2 жарым ай аралыгында 134 миллиард 400 миллион юандык же 19 миллиард 500 миллион долларлык медициналык товарларды экспорттоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Кытайдын бажы кызматынын билдирүүсүнө таянып жазылган маалыматка ылайык, мындай көлөмдөгү товар ушул жылдын 1-мартынан баштап 16-майга чейин экспорттолгон.
"Чет өлкөлөргө 509 миллион бет кап, 216 миллион коргоочу костюм, 810 миллион 300 миң көз айнек, 162 миллион коронавирусту аныктаган экспресс-тесттер, 727 миң жасалма дем алдыруучу аппараттар, 264 миллион 300 миң дене тапты өлчөгөн термометрлер, 10 миллион 400 миң хирургиялык кол кап жөнөтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Кытайдын негизги сатып алуучулары - АКШ, Германия, Япония, Франция жана Италия болгондугу белгиленген маалыматта.