Европа биримдиги 15 өлкөгө чек арасын ачты

Европа кеңеши бир нече күндүк талкуудан кийин 1-июлдан тарта каттамдар жандана турган 15 мамлекеттин тизмесин бекитти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган тизмеге Борбор Азия өлкөлөрү кошулган жок. Бүгүндөн баштап Алжир, Австралия, Канада, Грузия, Япония, Черногория, Марокко, Жаңы Зеландия, Руанда, Сербия, Түштүк Корея, Таиланд, Тунис жана Уругвайдын жарандары Шенген визасынын негизинде мурдагыдай чектөөсүз саякаттап же бизнес сапар менен Евро биримдикке кирген өлкөлөргө бара алышат.

Жогорудагы мамлекеттерде коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал салыштырмалуу “коопсуз" деп табылды. Евро биримдик Кытайды да тизмеге кошкону менен бул өлкөнүн жарандары Бээжин европалыктарга чектөөнү алгандан кийин гана кире алышат деп айтылат маалыматта. “Кытай менен Марокко Испан жарандарын кабыл ала баштаганда гана бул өлкөлөргө чек аралар ачылат”, - деп билдирген Испан өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Мария Монтеро.

Эң кызыгы, Евро биримдик эшигин ачкан мамлекеттердин катарына АКШ кошулбай калды. Мындан тышкары коронавируска байланыштуу кырдаал толук жөнгө салынбаганы үчүн Бразилия, Орусия, Түркия мамлекеттери да тизмеге кирген жок.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talaa11
2020-07-01 20:40:40
Россияда ачса жакшы болмок барып иштейт элек ато Кыргызстанда иш жок акча жок кыскасы кризис
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан