Өзгөчө абал коомдук тартипти коргоо жана адамдардын саламаттыгын сактоого карата түзүлдү деп билдирди Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшембиев.
Учурда Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси маалымат жыйын берүүдө.
"Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу адамдар топтошкон жерге барбай үйдө болуп, айтылган режимди сакташы керек. Эгер кимде ким кызматкерлерге баш ийбей, өзгөчө абалдын режиминин талаптарын сактабагандар болсо, анда алар жоопкерчиликке тартылат", - деди ал.