Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардагы базарлардын, соода түйүндөрүнүн иши менен таанышты

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 15-мартта сатыктагы товарлардын ассортиментин көрүп, сатуучулар жана кардарлар менен баарлашты.

Товарды ташуучулар менен сатуучулардын маалыматы боюнча, товарларды импорттоо, алардын номенклатурасы жана запасынын көлөмү боюнча өзгөчө маселе деле жок. Бирок кардарлардын айтымында, мурдагы күндөрү ашыкча мүнөздөгү суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу айрым товарлардын наркы көтөрүлгөн.

"Товар жана азык-түлүк ташууга эч ким чектөө киргизген жок, чек арадан жүк алып өтүү адаттагыдай тартипте жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу жарандарды негизсиз дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам. Бизде коронавирус инфекциясы катталган жок, бирок бул кырдаалдан пайдаланып, кызыкчылыгына жетүүнү каалагандарга азгырылбаш керек. Түзүлгөн абалдан чыгууга жана өз жарандарын зарыл болгон бардык товарлар менен, анын ичинде азык-түлүк менен камсыз кылууга мамлекеттин чамасы жетет. Дүкөндөрдүн текчелери бош калбайт. Азык-түлүктүн запасы жетиштүү, тынчсызданууга негиз жок. Болгону жагдайдан пайдаланып, товарларды кымбаттатып сатуу менен пайда тапкысы келгендер дүрбөлөң салууда" - деди өкмөт башчы.

Жарандар түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл аларын, чек аранын жабылышы боюнча ушактар чыкканына байланыштуу эл дүрбөлөңгө түшкөнүн айтышты. Алар базарлардагы абал бүгүнтөн тарта акырындык менен турукташа баштаганын, соода түйүндөрүндө товарлар толуктала баштаганын белгилешти.

Өкмөт башчы Экологиялык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине соода түйүндөрүндөгү ишти күчөтүүнү жана мыйзам бузгандарга катуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Кечээ, 14-мартта айрым базарларда азык-түлүк товарларын массалык түрдө сатып алуу болуп, баалар жогорулаган. Кийинчерээк вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүктөрдүн, калк керектөөчү негизги товарлардын, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү экенин айтып, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок деп билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан