Бүгүн, 1-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жазык иши каралмак. Бирок ал соттук отурумга Дүйшөнкул Чотонов келе албай калгандыгына байланыштуу жылдырылды. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Дүйшөнкул Чотоновдун келбей калгандыгынын себеби айтылган эмес.
Кийинки соттук териштирүү 2020-жылдын 3-июль күнүнө саат 15:00гө белгиленгени маалымдалат.
Окуянын чоо-жайы:
21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.