Бишкек шаарындагы "Ынтымак" сейил багынан өрт чыкты

Бүгүн, 1-июлда Октябрь районуна караштуу ачык аянттан өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМдан билдиришти.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Токтоналиев жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги ачык аянттагы куураган чөптөн өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түштү. Өрт өчүрүүгө бизден 14:42де бир бөлүм, 15:30да бир бөлүм тартылды. Азыркы тапта өрттү өчүрүү иши жүрүп жатат жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан