"Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча шектелген Дүйшөнбек Зилалиевдин соту айыпталуучунун алынып келбегендигине байланыштуу жылдырылды

Бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши боюнча соттук отурум белгиленген. Бирок процесске айыпталуучу Зилалиев алып келинген эмес. Бул тууралуу маалыматты мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан улам соттук териштирүү 8-июлга саат 14:30га жылдырылганы маалымдалат.

Эске салсак, 2018-жылы УКМК Зилалиевдин декларацияга киргизилбеген кыймылсыз мүлктөрү, банктык эсеби бар экенин аныктаганы тууралуу маалымат тараткан. 2019-жылы ага карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш жана жаза кодексинин "жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейин төмөндөгү мамлекеттик кызматтарды ээлеген:

  • Коргоо кеңешинин катчылыгынын катчысынын орун басары;
  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы;
  • Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы;
  • Вице-премьер-министр;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтарын ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-07-01 21:40:45
Эмнеге алып келинбейт белгиленген күнгө!
+1
NURSAPAR
2020-07-02 10:20:03
Соттоп убара болбой эле атып салгыла.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан