Учурда өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаарында олуттуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык,
- Кафе, ресторандар, коомдук тамактануучу жайларга 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилет.
- Чайканалар ачык асман алдында иштөөгө тийиш.
- Тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат жок.
- Ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорттор убактылуу каттабайт.
- Базарлардын иштөө мөөнөтү 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди.
- Кийим-кече саткан ири базарлар ишемби, жекшемби күндөрү жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.
- Сейил бактардагы аттракциондор, футбол аянтчалары, интернет клубдар, түнкү көңүл ачуучу жайлар жана бассейндердин ишмердүүлүгүнө белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизилди.
- Элдин массалык чогулуусуна жол бербөө максатында жума намазын окуу 4-июлдан тартып 18-июлга чейин убактылуу токтотулду.
"Жогорудагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.