Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты. 80 жашка таяп калган элбашы оорудан кийин күнүнө 2 жарым чакырымга жөө басууда

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин коронавируска карата тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Айдос Укибай маалымдады.

"Дарыгерлердин кеңешине ылайык, Нурсултан Назарбаев обочолонуу режимин улантууда. Дистанциялык негизде иштеп, таза абада сейилдөөгө көбүрөөк көңүл буруп жатат", - дейт маалымат катчы. Ошондой эле ал Назарбаевдин жөө баскандагы көрсөткүчүнүн сүрөтүн жүктөгөн.

Нурсултан Назарбаевдин 18-июнда коронавирус илдетин жуктуруп алганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2020-07-02 18:00:18
42минут жай басат экен. Молодец эл башы!
+1
Nuret94
2020-07-03 03:38:01
Өмүрүңүз узун болсун
0
Krai
2020-07-03 07:30:36
Дагы деле жаш бойдон го ээ.
Эч ким ойлобойт 80 ге чыкты деп. өмүрү узун болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан