9-сентябрда Бишкекте Сулуулук жаратуучулардын эл аралык күнү белгиленди.
Кызыл килемден коноктордун өтүшү менен башталган фестиваль А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында орун алды. Сулуулукту даңазалаган бул иш-чаранын өзөгүн “Мыкты дизайнер”, “Мыкты модель”, “Мыкты стилист” деген наамдар үчүн күрөш түздү. Жалпысынан 5 команда ат салышып, баш байгеге 100 миң сом жана Миланга жолдомо коюлду.
Фестивалга катышкан 5 команда:
“KESHA LOOK”, дизайнери Айгерим Бакытбекова.
“AIYMZHAN”, дизайнери Айымжан Алмазбекова, визажисти "Супер сулуу-2012" наамынын жеңүүчүсү Гузеля Келдибаева.
“BAIRA”, дизайнери Толгонай Керимкулова. Бул команданын атынан "Супер сулуу-2009" наамынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбекова чыкты.
“SALTANAT MAMYTOVA”, дизайнери Салтанат Мамытова.
“KADYR”, дизайнери Кадырбек Бектенов.
Фестивалдын алкагында ZAMIRA MOLDOSHEVA, GALINA BOIKOVA жана SOUL BY DENNIK LI мода үйлөрү 2013-2014-жылдардагы этникалык жана үлпөт көйнөктөрүнүн, ошондой эле кече көйнөктөрүнүн көргөзмөсүн коноктордун назарына коюшту.
Төрт саатка созулган сулуулук чеберлеринин күнү жыйынтыкталып, сонунда жылдын мыкты визажисти Махабат Гапарова, жылдын мыкты стилисти Каныкей Марат кызы, ал эми жылдын мыкты дизайнери Айгерим Бакытбекова жана Кадырбек Бектеновдор деп табылды. Муну менен бирге "Жылдын мыкты модели" аталган Темирлан жана Гүлнарага Ардак грамоталар тапшырылды.
Кеченин кульминациясы баш байге ээлерин аныктоо болду. Калыстардын чечими менен “SALTANAT MAMYTOVA” командасы мыктылардын мыктысы деп табылып, 100 миң сом жана Миланга жолдомону илип кетти.
Фестивалдын калган катышуучулары да атайын даярдалган белектерге ээ болушуп, мактоо баракчалары менен сыйланышты.